2025-жылдын 23 ноябрына чейин жеке маалыматтарды иштеп, сактаган бардык уюмдар жана мекемелер «Жеке маалыматтарынын массивдерин кармоочулар реестри»не каттоодон өтүшү милдеттүү.
❗️Каттоо кылынбаган болсо — 120 000 сомго чейин айып пул салынат.
🔹Мисалы, жеке маалыматтарга төмөнкүлөр кирет:
•Фамилия, аты, атасынын аты;
•Жеке идентификациялык номер (ЖИН);
•Паспорттук жана биометрикалык маалыматтар;
•Онлайн идентификаторлор (логин, IP- дарек);
• жана башка, адамды аныктоого мүмкүн болгон маалыматтар.
👨🏻💻👩🏻💻Каттоо толук түрдө онлайн жүзүндө жүргүзүлөт.
🆔Каттоодон өтүү үчүн уюмдун жооптуу кызматкери Бирдиктүү идентификация системасы аркылуу кирип, юридикалык жактын булуттагы электрондук кол тамгасы менен авторизациялануусу керек.
🎯Реестрдин негизги максаттары: жеке маалыматтардын ээлеринин укуктарын коргоо, маалымат массивдерин жана кармоочуларды эсепке алуу, маалымат иштетүүнүн ачык болушу жана алардын мыйзамсыз пайдаланылыштарын алдын алуу.
________________________________________
✅ Жеке маалыматтардын массивдерин кармоочулар реестрине бизге тапшырыңыз— биз менен тез, мыйзамдуу жана көйгөйсүз болот!
Нет Ответов